T-Media

T-Media T-Media жаңылыктары: иликтөөлөр, түз эфирлер, элдик көзөмөл, ток-шоулар

Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев эски аянттагы Владимир Лениндин эстелигин алып, анын ордуна белгилүү мам...
15/01/2025

Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев эски аянттагы Владимир Лениндин эстелигин алып, анын ордуна белгилүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин эстелигин орнотуу сунушун берди.

Бул тууралуу ал парламенттин 15-январдагы отурумунда айтты. Ошондой эле Бишкек шаарынын төрт районунун аталышын өзгөртүүнү, автобус каттамдарын таңкы саат бештен баштоону карап чыгуу маселесин да көтөрдү.

Мөңгүлөр Лейлектин Сумбула, Баткен районунун Кайыңды жана Газ айылдарында тоңдурулган.Президенттин Баткен облусундагы өк...
15/01/2025

Мөңгүлөр Лейлектин Сумбула, Баткен районунун Кайыңды жана Газ айылдарында тоңдурулган.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, мөңгүлөр жайыттарды жана малды суу менен камсыз кылууга колдонулат.

"Мөңгү тоңдуруу иш-аракеттери жергиликтүү бийлик менен жайыт комитеттеринин, бейөкмөт уюмдардын климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган долбоорлорунун алкагында ишке ашырылууда. Жасалма мөңгү жайыттарда суу таңсыктыгы көйгөйүн чечүүнүн жолу катары каралууда. Тагыраагы, жайыттарды жакшыртуу, эрте жазда жайлоого чыккан малды сугаруу, кайрак жерлерге суу жеткирүү максатын көздөйт", — деп жазылган маалыматта.

Кадамжайда дагы пилоттук негизде жасалма мөңгү тоңдурулганы жана аны облуска тегиз жайылтуу аракети жүрүп жатканы кошумчаланды.

14/01/2025

АКШ: АБАКТАГЫЛАР ДАГЫ ӨРТТҮ ӨЧҮРҮҮГӨ ТАРТЫЛДЫ

Мектеп мугалимдерине  акысыз ноутбуктар 20-январдан бериле баштайт. Кыргызстанда мектеп мугалимдерге 3400 даана ноутбук ...
14/01/2025

Мектеп мугалимдерине акысыз ноутбуктар 20-январдан бериле баштайт.

Кыргызстанда мектеп мугалимдерге 3400 даана ноутбук 20-январдан тарта бериле баштайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Алгач STEM мугалимдерине бериле. Ноутбуктарга азыркы учурда “Санарип кампа”, “Электрондук күндөлүк” тиркемелери киргизилип жатат.

Ноутбуктар Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы Технопаркта чогултулууда. Ал жерге бүгүн, 14-январда министрдин орун басары Лира Самыкбаева барып, процесс менен таанышкан.

Чогултулган ноутбуктар сыноо тестинен өткөрүлүп, тиешелүү документтери даярдалган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жасалма акча жасагандар кармалгандыгын билдирди. Атайын кызматтын маалыматына ка...
14/01/2025

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жасалма акча жасагандар кармалгандыгын билдирди. Атайын кызматтын маалыматына карганда шектүүлөр авто унааларды алып сатуу бизнесин да уюштурушкан.

УКМК тарабынан тарабынан жасалма чет элдик валюта банкнотторун таратуу фактысы аныкталган. Буга байланыштуу соттук-техникалык экспертиза жүргүзүлүп, жасалма чет элдик банкноттор пайда болгонун тастыктаган корутунду алынган.

“Кыргыз Республикасынын жарандары М.И.М. жана С.К.Д. жасалма акчаларды сатуу жана ага ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында эски автоунааларды сатып алуу жана сатуу бизнесин уюштургандыгы жана төлөмдөрдү жасалма чет элдик банкноттор менен жүргүзүшкөндүгү аныкталды”,- деп айтылат маалыматта.

13-январда аталган жарандардын жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлүп, ири өлчөмдөгү чет элдик жана улуттук валютадагы банкноттор алынып, алар соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлдү. Шектүүлөр кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды, ошондой эле жасалма акчалардын келип чыгуу булактарын аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Кыргызстанда былтыр жашоо минумуму ортчо эсеп менен 7 963 сомду түздү.
14/01/2025

Кыргызстанда былтыр жашоо минумуму ортчо эсеп менен 7 963 сомду түздү.

Кыргызстанда былтыр жашоо минумуму ортчо эсеп менен 7 963 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин 13-январдагы маалыматынд...

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге кыргыз тилди билүү деңгээлин жана мөөнөтүн белгилөө сунушталды. Тиешелүү то...
14/01/2025

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге кыргыз тилди билүү деңгээлин жана мөөнөтүн белгилөө сунушталды. Тиешелүү токтом долбоорун Министрлер кабинети бүгүн, 14-январда коомдук талкууга чыгарды.

📌 Ага ылайык, жогорку, башкы, улук жана кенже топтордогу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин мамлекеттик тилди билүү мөөнөттөрү:

- 2025-жылдан тартып орто деңгээлден (В1) кем эмес;

- 2027-жылдан тартып ортодон жогору деңгээлден (В2) кем эмес.

📌 Мамлекеттик жана муниципалдык менчик ишканалардын, билим берүү уюмдарынын жана саламаттык сактоо мекемелеринин кызматкерлери үчүн мамлекеттик тилди билүү мөөнөттөрү:

- 2026-жылдан тартып орто деңгээлден (В1) кем эмес;

- 2028-жылдан тартып ортодон жогору деңгээлден (В2) кем эмес.

📌 Кыргызстанда туруктуу жашаган этностук азчылыктар үчүн мамлекеттик тилди билүү мөөнөттөрү:

- 2026-жылдан тартып базалык деңгээлден (А2) кем эмес;

- 2028-жылдан тартып орто деңгээлден (В1) кем эмес.

Токтомдо мамлекеттик органдар кызматкерлерди тиешелүү деңгээлде окутуу үчүн шарттарды түзүүгө милдеттендирилген. Ошондой эле ушул жыл ичинде тилди талап кылынган деңгээлде билүү боюнча сертификаты жок кызматкерлерге карата кызматтан бошотуу же төмөндөтүү чаралары көрүлбөй тургандыгы жазылган.

Ал эми аларга тилди үйрөнүү үчүн мамлекеттик жана муниципалдык органдардын каражатынын эсебинен жүргүзүлөт.

Былтыр Кыргызстандын ички дүң продукциясы алдын ала баалоо боюнча 1,5 триллион сомдон түздү. Бул тууралуу Улуттук статис...
14/01/2025

Былтыр Кыргызстандын ички дүң продукциясы алдын ала баалоо боюнча 1,5 триллион сомдон түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады.

Бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу тогуз пайызга өскөн.

Ал эми 2024-жылдын январынан декабрга чейин өнөр жай продукциясынын көлөмү 585 миллиард сом болгон.

ИДП (ички дүң продукт) — бул өлкөдө бир жылда өндүрүлгөн бардык товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы рыноктук наркы. Ал экономикалык өнүгүүнүн деңгээлин өлчөйт. ИДПга керектөө, инвестиция, мамлекеттик чыгымдар жана таза экспорт кирет.

14/01/2025

#Жеринен Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кара-Суу базарынын соодагерлери менен жолугушууда

Кыргызстанда 22-январдан тарта виза алуу тартиби өзгөрөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.Мындай өзгөртүү ...
14/01/2025

Кыргызстанда 22-январдан тарта виза алуу тартиби өзгөрөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Мындай өзгөртүү инвестициялык саясатты жакшыртуу жана туризмди андан ары өнүктүрүү максатында кабыл алынган. Ага ылайык, виза алууда ыкчам тариф киргизилип, 24 саат ичинде Кыргызстандын электрондук визасын тариздөө мүмкүн.

Ошондой эле ишкердик, туристтик же жеке мүнөздөгү башка максаттар менен (досторуна келүү, медициналык текшерүүдөн өтүү ж.б.) келүүнү көздөгөн чет өлкөлүк жарандар үчүн 90 күнгө чейинки мөөнөткө "Сапар" визасы ("J" тиби) киргизилет. Бул өзгөрттүүлөр 22-январынан баштап "Электрондук виза" порталында жеткиликтүү болот.

Буга чейин колдонулган "ишкердик", "туристтик", "тоо туризм" категорияларындагы визалар жоюлат. Ушуга байланыштуу министрлик Кыргызстанга сапарларды алдын ала пландаштырууга чакырууда.

Фамилияңызды кантип өзгөртсөңүз болот? Мыйзамда сунушталган варианттар 👇
13/01/2025

Фамилияңызды кантип өзгөртсөңүз болот? Мыйзамда сунушталган варианттар 👇

13/01/2025

Ош шаарындагы Ысакбек Монуев көчөсүн кеңейтүү иштери 2024-жылдын июль айында башталган.

Калаага кирүүчү жалгыз жолдун курулуш эмнеге кечеңдеп жатат? Качан колдонууга берилет? Бул суроолорго Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисинен жооп алдык.

13/01/2025

Билим жаатында дүйнөлүк сынактарга катышып, тарых жаңырткандарды тааныйсызбы? Билимдүүлөргө өлкө канчалык көңүл бөлөт?

Биз бул видеодо алардын ийгиликтери жана көйгөйлөрүн айтып беребиз 👇

"Социал Демократтардын" мүчөсү Анарбек Катаганов кармалганын партиянын мүчөсү Кадырбек Атамбаев өзүнүн "Фейсбуктагы" бар...
13/01/2025

"Социал Демократтардын" мүчөсү Анарбек Катаганов кармалганын партиянын мүчөсү Кадырбек Атамбаев өзүнүн "Фейсбуктагы" баракчасына бүгүн, 13-январда жазды.

Ал Катаганов мыйзамсыз кармалганын, муну саясий куугунтук деп бааларын билдирди.

"Бүгүн (ред-13-январь) жарым саат мурун дагы бир талапкерибиз Анарбек Катаганов мыйзамсыз камалды. Ички иштер министрлиги аны "экстремист же коркунучтуу кылмышкер" деп таң атпай кармады. Учурда Катагановдун жүргөн жери тууралуу адвокаттарда да, жакындарында да эч кандай маалымат жок. Бул бардык мыйзамдык жана моралдык нормаларды одоно бузуу болуп саналат. Муну биз кезектеги коркутуу жана саясий куугунтук катары баалайбыз".

Азырынча укук коргоо органдары маалымат бере элек.

Кечээ, 12-январда бул пратиянын мүчөсү Жанна Самышева кармалган болчу.
Эске салсак, 14-ноябрда "Социал-демократтар" партиясы шаардык кеңешке өтө турган шайлоодон четтеген. Буга Бишкек шаардык милициясынын Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгү ("Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу") боюнча козгогон кылмыш иши жана тергөөнүн маалыматы негиз болгон.

Бул иш боюнча партиянын 10 мүчөсүн суракка алынып, алардын ичинен партия лидери Султанбеков жана партиянын шайлоо штабынын башчысы Ирина Карамушкина менен Роза Турксевер аттуу адам кармалган. 15-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук соту аларды эки айга камакка алган.

9-январда алардын камактагы мөөнөттү дагы эки айга узарган.

Партиянын лидери Темирлан Султанбеков кармалган күндөн тарта ачкачылык жарыялаган. Анын ден соолугун начарлап жаткандыгын жактоочулары айтууда.

Мамлекеттик салык кызматынын Базар-Коргон району боюнча башкармалыгынын бөлүм жекекчиси коррупцияга шектелип кармалды. Б...
13/01/2025

Мамлекеттик салык кызматынын Базар-Коргон району боюнча башкармалыгынын бөлүм жекекчиси коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу 13-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.

Маалыматка караганда, ал мүлккө жана камсыздандыруу төгүмдөрүнө салык карыздарынын бар-жогу жөнүндө маалым кат алуу процессин тездеткен деп шектелүүдө. Ошондой эле салыктык чегерүүлөрдү жана жеке ишкерлердин ставкаларын азайткандыгы үчүн системалуу негизде пара алганы аныкталган.

Анын иш-аракети соттун уруксаты менен жашыруун камерага тартылып алынган. Шектүү жаран 9-январда кармалып, атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда бул кылмышка тиешелүү башка кызмат адамдарынын катыштыгын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.

Кыргызстанда 2025-жылдын башынан тарта коррупцияга айыпталгандарга жазаны катаалдаштыруу мыйзамы күчүнө кирди. Ага ылайык, “Коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматта иштөөгө өмүр бою тыюу салынат. Андай адамдардын жакындары, туугандары да мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштей албайт.

Кыргызстанга 2025-жылкы ажылыкка 6060 квота бөлүндү. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди. ...
13/01/2025

Кыргызстанга 2025-жылкы ажылыкка 6060 квота бөлүндү. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, 11-январда Кыргызстандын муфтийи Абдулазиз Закиров Сауд Араб падышачылыгынын ажылык министринин орун басары менен жолугуп, ажылык сапарды уюштуруу, жатакана шарттары, тамак-аш менен камсыз кылуу маселелери боюнча сүйлөшкөн.
Жолугушуунун жыйынтыгында 2025-жылдагы ажылык иштерин уюштуруу боюнча келишимдерге кол коюлган.

Сауд Арабиясы 2024-жылдагы ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 6060 квота бөлгөн. Ажылыкка баруунун акысы 3750 АКШ доллары деп бекитилген.

Ажылык – ислам дининдеги негизги беш парздын бири.

Address

Osh
723500

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when T-Media posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Business

Send a message to T-Media:

Videos

Share