ЭлФМ радиосу

ЭлФМ радиосу Contact information, map and directions, contact form, opening hours, services, ratings, photos, videos and announcements from ЭлФМ радиосу, Radio Station, Osh.

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов суудагы спорттун түрү боюнча Катарда өтүп жаткан дүйнөлүк чемпионтта 15-февралда 200...
16/02/2024

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов суудагы спорттун түрү боюнча Катарда өтүп жаткан дүйнөлүк чемпионтта 15-февралда 200 метр аралыкты сүзүп өтүү боюнча жарышка катышты.

34 спортчунун ичинен Петрашов 2 мүнөт 12,23 секундда сүзүп келип, жарым финалга өткөн.

Жарым финалдык жарышта 200 метр аралыкты 2 мүнөт 10,81 секундда сүзүп, онунчу болуп келип, финалга өтүүгө 0,51 секунд жетпей калды.

Денис Петрашов буга чейин 50 метр жана 100 метр аралыкты брасс ыкмасында сүзүүдө жарым финалга чыгып, бирок финалга чыга алган эмес.

Катардагы биринчиликтен кийин кыргызстандык суучул Денис Петрашов дүйнөнүн мыкты суучулдарынын ондугуна кирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты.Синоптиктердин маалыматына таянсак, 16-февр...
16/02/2024

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты.

Синоптиктердин маалыматына таянсак, 16-февраль күндүз жана 17-18-февраль күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт.
16-февралда күндүз жана 17-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

18-февралда Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. 17-18-февралдарда айрым жерлерде туман түшүшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетет.

17-18-февраль күндөрү абанын температурасы төмөндөп:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -18…-23°, түндүгүндө -22…-27°, күндүз -7…-12°;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -20…-25°, күндүз -8…-13 градус;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5°;
Ысык-Көл ойдоңунда түнкүсүн -10…-15°, күндүз -4…-9°;
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -16…-21°, күндүз -4…-9°;
республиканын тоо этектеринде түнкүсүн -19…-24°, күндүз -9…-14°, республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -20…-25°, күндүз -11…-16°, бийик тоолуу райондордо жана Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -28…-33°, күндүз -13…-18° суук болушу күтүлөт.
Мындай суук аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-февралда, Бишкек шаарында улуттук коопсуздук боюнча Коопсуздук кеңештеринин катчыларын...
16/02/2024

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-февралда, Бишкек шаарында улуттук коопсуздук боюнча Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын Афганстан маселеси боюнча 6-регионалдык диалогунун катышуучулары менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Иш-чарага Кыргызстан, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандан коопсуздук маселелерин көзөмөлдөгөн жогорку өкүлдөр келген.

Жапаров Афганстандагы эң башкы үч көйгөй катары терроризм, наркотрафик жана алсыз экономиканы атады.

"Президент афган экономикасына токтолуп, өлкөнүн улуттук банкынын тоңдурулган активдери афган элинин жыргалчылыгы үчүн тез арада пайдаланууга берилиши керек деген пикирин билдирди. Ошондой эле гуманитардык жана экономикалык кризисти жеңүүгө жардам берүү максатында экономикалык жана маданий диалогду өнүктүрүүгө даярдыгын кошумчалады", — деп айтылат маалыматта.

Жапаров өлкөлөрдүн жана эл аралык уюмдардын биргелешкен жана координацияланган аракеттери аркылуу гана эл аралык коопсуздукту курууда маанилүү натыйжага жетишүүгө болорун белгилеген.

Бишкек – Алматы унаа жолу аба ырайынын начарлашына жана "Кордай" ашуусунун жабылганына байланыштуу убактылуу жабылды. Бу...
16/02/2024

Бишкек – Алматы унаа жолу аба ырайынын начарлашына жана "Кордай" ашуусунун жабылганына байланыштуу убактылуу жабылды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматына караганда, мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатат.

УКМКнын Чек ара кызматы айдоочуларга аба ырайынын шарттарын эске алуу менен сапарларды жана маршруттарды пландаштырууну, жолдун ар кайсы тилкелеринде узакка токтоп турууга даяр болууну, ошондой эле эң керектүү нерселерди (тамак-аш, жылуу кийимдер, суу, күйүүчү-майлоочу майлар) камдап алууну сунуштайт.

Кепилдик фондунун 2023-жылдагы киреше көрсөткүчү экинчи жолу 400 млн сомдон ашты, деп билдирет уюмдун басма сөз кызматы....
16/02/2024

Кепилдик фондунун 2023-жылдагы киреше көрсөткүчү экинчи жолу 400 млн сомдон ашты, деп билдирет уюмдун басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча таза киреше 418,5 миллион сомдон ашты. Бул көрсөткүч мурунку рекорддук көрсөткүчтөн – 2022-жылы белгиленген 411 миллион сомдон жогору болду.

"Кирешенин жыл сайын өсүп жаткан көрсөткүчтөрү, ошондой эле бизнестин финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө суроо-талаптын өсүп жатышы "Кепилдик фонд" ААК ишинин жогорку натыйжалуулугун жана анын өлкөдөгү ишкердикти өнүктүрүүдөгү ролун тастыктайт", - деп айтылат маалыматта.

"Кепилдик фонд" ААК ишмердүүлүгүнүн бүткүл мезгилинде 2023-жылдын аягына карата абал боюнча ата мекендик бизнеске 26,4 млрд сомдон ашык суммада кредиттик ресурстарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылып, 8,2 млрд сомдон ашык суммага кепилдиктерди берген.

Бишкектеги мектептерде 3 күн кыскартылган сабактар өтөт.Муниципалитеттен билдиришкендей, өлкө аймагында күтүлүп жаткан с...
16/02/2024

Бишкектеги мектептерде 3 күн кыскартылган сабактар өтөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, өлкө аймагында күтүлүп жаткан суукка байланыштуу мэриянын Билим берүү департаментинин кыска мөөнөттүү сабактарды өткөрүү боюнча буйрук чыгарды.

Ага ылайык, 17, 19, 20-февралда биринчи нөөмөт саат 9:00дө башталат, ал эми экинчи нөөмөт саат 16:00дө бүтүшү керек, сабак 30 мүнөткө созулат.

Белгилей кетсек, бала бакчалар кадимки режимде иштейт. Бирок, эгерде ата-энелер кааласа балдарын чоңдордун көзөмөлүндө үйдө калтыра алышат.

Мындан тышкары, жеке менчик билим берүү уюмдарына Кыргызгидрометтин аба ырайы тууралуу маалыматын эске алуу менен окуу процессин уюштуруу сунушталат.

Белгилей кетсек, синоптиктердин маалыматына ылайык, бүгүндөн тарта өлкө аймагында аба ырайы кескин өзгөрүп, Бишкекте дем алыш күндөрү -20 градуска чейин суук болушу күтүлөт.

15/02/2024

ЭлФМ

07/02/2024

Конокто ветеренар врач Акбермет Суюмбаева

Кыргызстанда жумуш издеген мугалимдер үчүн улуттук mugalim.vacant порталы ачылат. Бул тууралу билим берүү жана илим мини...
25/12/2023

Кыргызстанда жумуш издеген мугалимдер үчүн улуттук mugalim.vacant порталы ачылат. Бул тууралу билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева "Биринчи радионун" 25-декабрдагы эфиринде билдирди.

Министр өз сөзүндө мыкты мугалимдерди тандоо мезгили келип жеткендигин баса белгиледи.

"Мугалимдерди тандоо системасында өзгөрүүлөр башталат. Мисалган, жумуш иштеген агартуучулар үчүн портал ачылат. Кайсы жерде мугалимдин орду бошосо электрондук порталга киргизилет. Жумуш иштеген мугалим порталдан маалымат таба алат. Ошондой эле директорлор корпусунун да резервдик порталы түзүлөт. Себеби, биз мектепти башкаруучу жаңы муундагы менеджерлерди, заман талабына шайкеш келгендерди тарбиялашыбыз керек", - деди билим берүү министри.

Баткенде чек арадагы куралдуу кагылышта курман болгон эки баатырдын ысымы өзү жашаган көчөлөргө ыйгарылды. Бул тууралуу ...
13/11/2023

Баткенде чек арадагы куралдуу кагылышта курман болгон эки баатырдын ысымы өзү жашаган көчөлөргө ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Айдаркен шаарындагы көчөгө КР Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы полкунун кызматкери Мыктыбек Мурзажановдун ысмы ыйгарылды.

Мыктыбек Мурзажанов 2022-жылдын сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасында орун алган куралдуу жаңжалда баатырларча курман болгон.

23 жашында мекен чегин коргоп жатып набыт болгон баатырга (каза болгондон кийин) президент тарабынан "Эрдик" медалы ыйгарылган.

Бул күнү Айдаркен шаарынын дагы бир көчөсүнө Марат Ташмирзаевдин ысымы берилди. Ал да 2022-жылдын сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасында баатырларча курман болгон.

20 жашында мекен чегинде курман болгон чек арачы Марат Ташмирзаев КР УКМКнын Чек ара кызматынын Бөрү атайын отрядында кызмат өтөп жаткан.

Баатырлардын ысмын ыйгаруу аземине президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев баштаган жергиликтүү жетекчилер, баатырлардын жакындары,айылдаштары,кесиптештери катышты.

Облус башчысы өз сөзүндө мекен үчүн жанын берген баатырлардын эч качан унутулбай тургандыгын айтып, алардын ата-энелерине, жакындарына көңүл айтты.

Бишкекте Италия кино күндөрү өтөт. Бул тууралуу Кинематография департаменти билдирет.Тасмалар 15-16-ноябрь күндөрү "Ала-...
13/11/2023

Бишкекте Италия кино күндөрү өтөт. Бул тууралуу Кинематография департаменти билдирет.

Тасмалар 15-16-ноябрь күндөрү "Ала-Тоо" кинотеатрыда көрсөтүлөт. Каалоочулар үчүн кирүү акысыз.

Иш-чаранын расмий ачылышы 15-ноябрда саат 18:00дө өтүп, саат 18:20да кинотеатрдын чоң залында "Даньте" фильми көрсөтүлөт. Ал эми саат 20:00дө көрүүчүлөрдүн назарына "Сага чуркайм" тасмасы тартууланат (кичи зал).

16-ноябрда саат 12:00дө "Орландо", саат 14:30да Ipersonia фильми көрсөтүлөт. Эки тасма тең кичи залда коюлат.

Кыргызстандын самбо боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Бектен Эркебай уулу Ереван шаарында (Армения) өтүп жаткан ...
13/11/2023

Кыргызстандын самбо боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Бектен Эркебай уулу Ереван шаарында (Армения) өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды.

Спортчу 88 кг чейинки салмакта күжүрмөн самбо боюнча катышып алгач 1/8 финалдык беттеште франциялык спортчуну утса, 1/4 финалдык беттеште жаңы зеландиялык балбанды жеңген.

Жарым финалдык беттеште армениялык балбанга утулуп жыйынтыгында коло байге уткан.

Аксы районунун Тосту айылындагы Ак-Терек участкасында кубаттуулугу 500 кВт болгон чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдалан...
13/11/2023

Аксы районунун Тосту айылындагы Ак-Терек участкасында кубаттуулугу 500 кВт болгон чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, чакан ГЭСтин расмий ачылышына президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.

ГЭС жергиликтүү жеке ишкер Нурлан Ормонов тарабынан куруп, 750 миң доллар өлчөмүндөгү каражат жумшалган.

Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү бул демилге президенттин койгон тапшырмасын ишке ашыруу менен өлкөдөгү электр энергиясына болгон муктаждыкты жөнгө салуу аракети экенин белгиледи. Алдыда чакан ГЭС куруу демилгеси бар ишкерлерди ар тараптуу колдоо аракети дагы да уланаарын айтып, облустун энергетика жаатындагы артыкчылыктуу багыттарын белгиледи.

Кашка-Суу айыл аймагынын Тосту айылындагы жаңы чакан ГЭСте өндүрүлгөн электр энергиясы жергиликтүү калктын кошумча керектөөсүнө жумшалмакчы.

Баткен облусун өнүктүрүү жана калкына мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында КР министрлер кабинетинин тескемеси менен "...
13/11/2023

Баткен облусун өнүктүрүү жана калкына мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында КР министрлер кабинетинин тескемеси менен "Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо-2" долбоору бекитилген.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, долбоордун максаты Баткен облусун андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ишкердик субъекттерине жана жеке жактарга жеткиликтүү жана жеңилдетилген кредиттик каражаттарды берүү жолу менен мамлекеттик колдоо көрсөтүү.

Бул долбоорду ишке ашырууга республиканын 2 коммерциялык банкы катышууда. Аларды кредиттөө көлөмү 350 млн сом суммасын түзүүдө.

2023-жылдын 9-ноябрына карата долбоордун алкагында Баткен облусунун 162 ишкердик субъекттерине 145,1 млн сом суммасында жеңилдетилген насыя берилди.

Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына пост жазып, мамлекеттик тышкы карыз төлөп кетүүгө толук күчүбүз...
04/11/2023

Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына пост жазып, мамлекеттик тышкы карыз төлөп кетүүгө толук күчүбүз жетет деп белгиледи.

Өлкө башчынын айтымында, мурда тышкы карызды төлөө үчүн кайра эле тыштан карыз алынып, же гранттык каражаттар менен жабылып келген.

"Урматтуу Кыргызстандыктар!

Эгемендик алып, өз алдынча мамлекет болгон күндөн тартып 2020-жылга чейин чогулган карызыбыз 5 млрд АКШ долларынын тегереги болгон. Ушул карызды үстөгү менен толу кайтара турган мезгил менин жана менин командамдын бийликте турган мөөнөтүнө туш келип олтурат. Пандемияга чейинки Кыргызстандагы кризис, бюджеттин тартыштыгы, пандемиядагы жана пандемиядан кийинки кризис жана дүйнөдө болуп жаткан азыркы каатчылыктарга карабай, өз убагында төлөп келе жатабыз.

Өлкөбүздө тынчтык, стабилдүүлүк болуп турса, мындан ары да төлөп кетүүгө толук күчүбүз жетет.

Анткени бюджетибизди 2020-жылга чейинки убакытка караганда үч эсе көтөрүп алдык.

Коррупциянын тамырын 100 пайыз кыркып бүтө элек болсок дагы, 90 пайызын жойдук. Ошол үчүн бюджетибиз көтөрүлүп жатат.

Эсиңиздерде болсо, 2019-жылдары "тышкы карызыбызды кантип төлөйбүз, төлөбөсөк жерлерибиз кетет экен" деп элибиз бушайман боло баштаган. Азыр андай кыжаалатчылык жок.

Тескерисинче, тышкы карызды төлөө менен бирге эле, эмгек акы, пенсия, жөлөк пулдарды көтөрүп жатабыз.

Армиябызды күчтөөнүн үстүндөбүз.

Акыркы эки жылда эле эки миллиард долларга жакын каражатка жаңы үлгүдөгү заманбап техникаларды сатып алдык.

Жолдор салынууда. Мектептерди, бала-бакчаларды, темир жол, ири ГЭСтерди, аэропортторду куруп жатабыз.

Ички аба каттамдар үчүн төрт учак сатып алуудабыз.

1000 автобус сатып алдык.

Белгилей кетчү жагдай, тышкы карызды төлөөнүн туу чокусу келерки - 2024-жылга туура келүүдө (төмөндөгү диаграммадан көрсөңүздөр болот). Эң башкысы, биз тышкы карызды өз күчүбүз менен, тактап айтканда, бюджеттик каражаттардын эсебинен жаап жатабыз. Мурда болсо кайсыл бир бөлүгүн кайра эле тыштан же грант, же карыз алып жапчубуз.

Эгер азыркы тышкы карызыбызга кетип жаткан акча казынабызда калганда, мындан да көп жумуштар аткарылмак.

Эмгек акылар, пенсия, жөлөк пулдардын өлчөмү мындан да көп эсе жогоруламак", - деп жазды Садыр Жапаров.

Кыргызстан боюнча 18 кризистик борбор үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдарга жардам көрсөтөт. Бул тууралуу Эмгек, социа...
29/10/2023

Кыргызстан боюнча 18 кризистик борбор үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдарга жардам көрсөтөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Кризистик борборлор аялдарга медициналык, психологиялык, укуктук жана социалдык жактан жардам көрсөтүп, убактылуу баш калкалоочу жайларга жайгаштырышат.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги бул борборлорду мамлекеттик социалдык заказ аркылуу каржылоо аркылуу колдоого алат. Беш жылдын ичинде каржылоо жылына 5,4 миллион сомдон 7,0 миллион сомго чейин көбөйтүлдү. Каржылоо баш калкалоочу жайларды, реабилитациялык программаларды колдоого жана аялдарды ишке орноштуруу программаларына тартууга багытталган.

Мындай борборлордун ишинин мисалы катары Министрликтин колдоосу менен аялдарга жана кыздарга психологиялык, укуктук жана социалдык жактан жардам көрсөтүп келе жаткан Нарын районундагы "Теңдеш" коомдук бирикмесин айтсак болот.

Бишкекте зордук-зомбулукка кабылгандар “Аялзат” муниципалдык борборуна кайрылса болот.

Учурда министрлик сексуалдык кылмыштардын курмандыгы болгон аялдарга жана кыздарга комплекстүү кызмат көрсөтүү максатында, б.а. медициналык, консультациялык, социалдык, психологиялык, укуктук колдоо, ошондой эле зомбулуктун курмандыктарына тергөө чөйрөсүндө "Бирдиктүү терезе" аркылуу колдоо көрсөтүүнү максатында өнүгүү боюнча өнөктөштөр менен мамлекеттик кризистик борборун ачууну пландаштырууда.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Жалал-Абад шаарына жаңы 50 автобус тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы каб...
26/10/2023

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Жалал-Абад шаарына жаңы 50 автобус тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Мындан тышкары, облустук ички иштер башкармалыгынын жана соттун автопарктары жаңы унаалар менен толукталганы айтылды.

"Буга чейинки сапарымда Жалал-Абад шаарын көрүнүктүү экономикалык борборго айлантуу үчүн атайын план бекитилгенин айткам. Анын алкагында 2 миллиард сом бөлүнгөндүгүнөн да кабарыңыздар бар. Өзүңүздөр күбө болуп жаткандай, мындай чоң суммадагы каражат бөлүү менен шаарыңыздарда бир топ өзгөрүүлөр, бир нече жаңы курулуштар жүрүп жатат. Калаанын ички жолдору оңдоп-түзөөдөн өтүп, элибизге ыңгайлуу шарттар түзүлүп жатканына баарыбыз күбөбүз", — деген Жапаров.

Президент шаар күнүнө карата аймактын эли үчүн министрлер кабинети тарабынан 50 жаңы автобус берилгенин белгиледи.
Автобустар жакын арада линияга чыгары кошумчаланды.

Келерки 2024-жыл Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мейкиндигинде Экология жылы деп жарыяланды, бүгүн аны ишке ашыруу бою...
26/10/2023

Келерки 2024-жыл Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мейкиндигинде Экология жылы деп жарыяланды, бүгүн аны ишке ашыруу боюнча тиешелүү иш-чаралардын планы кабыл алынат. Бул тууралуу Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте өтүп жаткан ШКУ премьер-министрлер кеңешинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан "жашыл" экономиканын принциптерине этап-этабы менен өтүүдө, экономиканын тармактарында "жашыл" багыттарды кийинчерээк ишке ашыруу үчүн ченемдик укуктук жана институционалдык база түзүлүп жатат.

"Муну эске алуу менен уюмдун алкагында "жашыл" экономиканы өнүктүрүү жаатында тажрыйба алмашуу жана технологияларды колдонуу биздин өлкөлөрдүн туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт. Курчап турган чөйрөнү коргоо, климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо жана анын кесепеттерин жумшартуу боюнча кеңейтилген кызматташтыкка көмөктөшүү маанилүү. Биз климаттын өзгөрүшүнө, абанын жана суунун булганышына каршы күрөштө, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоодо күчтөрдү бириктирүүнү сунуштайбыз. Бул тармактын маанилүүлүгүн эске алуу менен келерки 2024-жыл ШКУнун Экология жылы деп жарыяланды жана бүгүн аны ишке ашыруу боюнча тиешелүү иш-чаралар планы кабыл алынат", — деди Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы муну менен бирге айыл чарбасы өлкөлөрдүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда маанилүү ролду ойной турганын, климаттын өзгөрүшүндө дагы таасирин тийгизерин белгиледи.
"Биз казак тараптын ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосунда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн селекциясы жана үрөнчүлүк чөйрөсүндө кызматташууну өнүктүрүү программасынын долбоорун иштеп чыгуу жана бекитүү демилгесин колдойбуз", — деди өкмөт башчы.
Жапаров өз сөзүндө ШКУ ичинде кызматташтыкты өнүктүрүү, экономика, энергетика тармагындагы маселелерге да токтолду.
Эскерте кетсек, ШКУга Кыргызстан, Россия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Индия, Өзбекстан, Тажикстан, Иран мүчө. Афганстан, Монголия жана Беларусь байкоочу макамына ээ. Дагы 14 мамлекет диалог боюнча өнөктөш болуп эсептелет.
Бүгүнкү күндө уюмга мүчө өлкөлөрдүн жалпы калкынын саны 3,3 миллиарддан ашуун адамды же дүйнө элинин 42 пайыздан ашыгын түзөт. Сатып алуу жөндөмдүүлүгү боюнча ИДП 45 трлн. доллардан ашат.

Address

Osh

Telephone

+996776076506

Website

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when ЭлФМ радиосу posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Videos

Share

Category