30/10/2024
Албетте, Барсбек, Мухаммед Кыргыз, Жусуп Баласагын, Махмуд Кашгари Барскани, Тайлак Баатыр, Ормон хан, Алымкул аталык, Алымбек датка, Курманжан датка, Арстанбек, Полот хан, Молдо Нияз, Зиябидин Максым, Молдо Кылыч, Тоголок Молдо, Тыныбек, Сагынбай, Саякбай, Төрөкул Жанузаков, Абдыкерим Сыдыков, Эшенаалы Арабай уулу, Осмонаалы Кыдык уулу, Жусуп Абдыракманов, Абдыкадыр Орозбеков, Жаныбек казы, Искакбек Монуй уулу, Белек Солтоноев, Ракым Усубакунов, Кубанычбек Нурбеков, Муса Мырзапаяз уулу Адышев, Бүбүсара Бейшеналиева, Динара Асанова, Бегималы Жамгырчинов, Кушбек Үсөнбаев, Өмүркул Караев, ж.б. бабаларыбыз тирилип келип, ар бир айылга жылкы союп, өзүнө өзү аш өткөрө албайт.
Байыркы жана соңку тарыхтагы жалпы улут үчүн баалуу тарыхый инсандарыбыз жөнүндө гана эмес, тийешелүү айылдагы агартуучулар, манасчылар, төкмөлөр, кошокчулар, өлөңчүлөр, акын-жазуучулар, уздар, усталар, саяпкерлер, экологдор, илимпоздор, укук коргоочулар жана башка эмгеги сиңген инсандар тууралуу окуучулар эссе жазып, ал түгүл даректүү сүрөт жана видео баян даярдап (азыр ар бир айылда буга мүмкүнчүлүк бар), айтор, эстутумубузду улам жаңыртып турушубуз зарыл.
Ошондо “бул киши биздин айылга бери дегенде тоок союп бериптирби?” дегендей көрпенделик түшүнүктөрдөн акырындап арылабыз.
Инсан таануу: Деги айылыбызга жарытылуу эмне кылыптыр, бу киши?
https://www.azattyk.org/a/insan-taanuu_ajylybyzga-emne-salymy-bar_2024_chorotegin/33179363.html
30.10.2024. Т.Чоротегин
Кыргызстандын ар бир шаар-кыштагында жалпы тарыхтан тышкары чөлкөм таануу жана инсан таануу багытында сабактар, музейлер жана саякаттар уюштуруу зарыл. Болбосо ж....