Kloop Кыргызча

Kloop Кыргызча «Клооп» маалымат порталынан көз карандысыз, такталган маалыматтарды окуй аласыз.

Кардарларды кыргыз тилинде тейлебеген мекемелерге чара көрүлүшү мүмкүнМамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия Укук бузуу...
26/12/2024

Кардарларды кыргыз тилинде тейлебеген мекемелерге чара көрүлүшү мүмкүн

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия Укук бузуулар жөнүндөгү кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелөөдө. Ага ылайык, кыргыз тилинде кызмат көрсөтүүдөн баш тарткан мекемелерге чара көрүлүшү ыктымал. Бул тууралуу комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев басма сөз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, улуттук комиссияга тамактануучу жай, тойканаларда жана башка мекемелерде кардарларды орус тилинде гана тейлеп жаткандарга нааразы болгондор көп кайрылууда.

Мураталиев мыйзам бузгандарга административдик жоопкерчилик каралганы менен, мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамда андай норма жок болгондуктан, буга чейин эч ким жоопко тартылбаганын белгиледи.

Анын айтымында, мыйзам долбоору боюнча административдик жоопкерчиликке мамлекеттик жана жеке уюмдар, ошондой эле тейлөө чөйрөсүндөгү ишканалар тартылат.

Азыркы мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамга ылайык, кардарларга кыргыз тилинде кызмат көрсүтүлүшү керек, бирок аны менен катар расмий же башка тилде да кайталанышы мүмкүн. Ал эми товар же кызматтар тууралуу маалымат мамлекеттик жана расмий тилде берилет.

Июль айында президент «Мамлекеттик тил жөнүндө» конституциялык мыйзамга кол койгон. Анда мамлекеттик тилди колдонуу чөйрөлөрү так аныкталган.

Алсак, кыргыз тили мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана мамлекеттик ишканалар үчүн жумушчу тил болот.

Ал эми мамлекеттик кызматкерлер, депутаттар, педагогдор, судьялар, прокурорлор, адвокаттар, медицина кызматкерлери жана башка категориядагы жарандардын тобу кыргыз тилин билүүгө милдеттүү.

📌Биздин телеграм-каналга катталыңыз: https://t.me/kloopkyrgyz

ЖАКтын башчысы абактарда абалды туруксуздаштыруу аракети дароо токтотуларын айттыКечээ Жаза аткаруу кызматынын төрагасы ...
26/12/2024

ЖАКтын башчысы абактарда абалды туруксуздаштыруу аракети дароо токтотуларын айтты

Кечээ Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Чыңгыз Кожошев Бишкектеги ТИЗО-1 жана бир катар абактагы соттолуучу жана айыпталуучулар менен жолукту. Бул тууралуу аталган кызматтан маалымдашты.

Кожошев соттолгондорго абактагы абалды туруксуздаштыруу аракети «мыйзамдуу чаралар менен дароо, чечкиндүү түрдө токтотуларын» айтты.

«Ал соттолгондорду сабырдуулукка үндөп, аларды үйүндө жакындары жана туугандары күтүп жатканын эскертип өттү», — дешти мекемеден. Ошондой эле соттолгондордун укуктары сакталарына кепилдик берерин баса белгилешти.

Кожошев кызматкерлерге соттолгондорго жакындары менен телефон аркылуу байланышуу үчүн шарт түзүүнү тапшырды. Ошондой эле абактагы жашоо шартты жакшыртууну жана социалдык жардамга муктаждарга колдоо көрсөтүүнү буйруду.

Мындан тышкары ЖАКтын башчысы соттолгондорду боштондукка чыгууга даярдоо, жумуш таап берүү, турак жай жана социалдык байланыштарды калыбына келтирүү маселелерин чечүүгө көмөктөшүүнү тапшырды.

Кечээ эле Башкы прокуратура абактагы абалды билүү үчүн ал жердеги кызматкерлердин зомбулугу тууралуу айыптоолорду териштире баштаган.

Буга чейин Акыйкатчы институту абактагы 20дан ашык соттолуучу кургак ачкачылкта экенин билдирген. Алардын жакындары муну Жаза аткаруу кызматына Кожошевдин жетекчи болуп дайындалганына каршы экени менен түшүндүргөн. Дагы эки киши арыз жазып, абакта аларды сабашканын айткан.

Ал эми Жаза аткаруу кызматы абактагы уруп-сабоо жана ачкачылык тууралуу маалыматты четке кагууда.

📌Биздин телеграм-каналга катталыңыз: https://t.me/kloopkyrgyz

Соттор депутатты кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн парламентке кайрылуу укугунан ажыратылдыПрезидент Садыр Жапаров «Жог...
25/12/2024

Соттор депутатты кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн парламентке кайрылуу укугунан ажыратылды

Президент Садыр Жапаров «Жогорку Кеңештин депутатынын макамы жөнүндө» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө кол койду.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы бул документти парламент 14-ноябрда кабыл алганын билдирди.

Ага ылайык, соттор депутатты кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу үчүн парламентке кайрылуу укугунан ажырады.

«Мындан ары тиешелүү сунушту Жогорку Кеңешке башкы прокурор гана киргизе алат», — деп белгилешти басма сөз кызматтан.

📌Биздин телеграм-каналга катталыңыз: https://t.me/kloopkyrgyz

Минкаб башчысы ЭТТК жоюлбай турганын, бирок жөнөкөйлөтүлөрүн билдирдиМинкабдын башчысы Адылбек Касымалиев Салык кызматын...
25/12/2024

Минкаб башчысы ЭТТК жоюлбай турганын, бирок жөнөкөйлөтүлөрүн билдирди

Минкабдын башчысы Адылбек Касымалиев Салык кызматында өткөн кеңешмеде электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды (ЭТТК) жоюуга жол берилбестигин билдирди.

Ал салыкчылар отчет тапшыруу процессин жөнөкөйлөтүп, ЭТТК талап кылына турган товарлардын тизмесин кайра карап чыгышарын кошумчалады. Касымалиевдин айтымында, бул үчүн атайын комиссия түзүлүп, ал ЭТТКны жөнөкөйлөтүү боюнча өз сунуштарын берет.

Минкабдын башчысы салык төлөөчүлөр үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маанилүү экенин белгиледи. Ал салыкчыларга ишкерлер отчет тапшырууда кабылган көйгөйлөрдү, анын ичинде кезек күтүүлөр менен электрондук системалардын ишиндеги мүчүлүштүктөрдү «ыкчам чечүүнү» тапшырды.

Буга чейин Салык кызматынын жаңы төрагасы Алмамбет Шыкмаматов товарлардын көпчүлүгү үчүн ЭТТКны жоюуну сунуштаган. Анын айтымында, бул талапты мунай, алкоголь, табак продукциялары жана медициналык буюмдар үчүн гана калтыруу керек.

📌Биздин телеграм-каналга катталыңыз: https://t.me/kloopkyrgyz

25/12/2024

UPD: Жарыяланган тизмеде аман калган 28 кишинин аты-жөнү жазылган. Арасында эки кыргызстандык бар.

25-декабрда Казакстандын Актау шаарына жакын жерде Azerbaijan Airlines (AZAL) авиакомпаниясынын Бакудан Грозныйга бараткан жүргүнчү учагы кулап түштү. Ичинде 62 жүргүнчү жана беш экипаж мүчөсү болгон. Казакстан ӨКМинин ыкчам штабы 25 киши аман калганын билдирүүдө.

Болжолдуу маалыматтарга ылайык, учакта Азербайжандын, Орусиянын, Казакстандын, Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандары болгон.

Казаэронавигация мекемеси экипаж канаттуулар менен кагылышып, башкарууну жоготуп койгондуктан улам авариялык конууга аракет кылган.

25/12/2024

Үстүбүздөгү жылдын 14-июль күнү Кара-Суу районуна караштуу Мады айыл өкмөтүндөгү Кыргыз-Чек айылында 150 турак үйгө сел кирип, зыян келтирген. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аталган айылдагы 24 үйдү “жашоого жараксыз”деген корутунду чыгарган. Кийин бийлик авариялык абалга кептелген үй ээлеринин ар бирине 1 млн сом акча бөлгөн эле.

Жаңы турак жай курган тургундар үйлөрүн толук бүтүрө алыштыбы? Алар эмнеден кооптонушууда? “Клооп” тургундардын үнүн укту.

#сел #ош #карасуу

Бишкек дүйнөдөгү абасы эң булганган шаарлардын сап башына чыктыДүйнөдөгү абасы кир шаарлардын рейтингин чыгарган World A...
24/12/2024

Бишкек дүйнөдөгү абасы эң булганган шаарлардын сап башына чыкты

Дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын рейтингин чыгарган World Air Quality уюмунун индексинде Бишкек биринчи сапка чыкты.

Маалыматка ылайык, 24-декабрда шаардагы абанын сапаты «кооптуу» деп бааланууда — зыяндуу микробөлүкчөлөр менен суюктук тамчыларынын концентрациясы ДССУ сунуштаган PM2.5 көрсөткүчүнүн орточо жылдык нормасынан 61,7 эсе жогору болууда.

Мындай шартта шаардыктарга беткап тагынуу, үйлөрдүн терезелерин жабуу жана мүмкүнчүлүк болсо абаны тазалоо жабдууларын иштетүү сунушталат.

Октябрдын башында энергетика министри Таалайбек Ибраев быйыл кышында Бишкекте ыш болбой турганын билдирген. Анын айтымында, шаардагы абанын булганышынын негизги булактары жоюлган: мончолор жана дизель менен жүргөн автобустар.

Бирок сууктун түшүшү менен Бишкек кайрадан дүйнөдөгү абасы эң кир шаарлардын тизмесинин алдыңкы саптарына чыккан. Кийинчерээк Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Бишкекте орнотулган абанын сапатын өлчөө жабдуулары туура эмес иштей турганын жана так эмес маалыматтарды берерин билдирген. Ошол эле маалда кыргызстандыктар соцтүйүндөргө Бишкектеги ыштын сүрөттөрүн жарыялап келишет.

📌Биздин телеграм-каналга катталыңыз: https://t.me/kloopkyrgyz

24/12/2024

Имамидин Ташовдун иши боюнча сот отуруму 14-январга жылдырылды

24-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Чыңгызбек Бердимуратов KG Group курулуш компаниясынын ээси Имамидин Ташовдун иши боюнча сот отурумун 14-январга жылдырды. Буга чейин мындай өтүнүч менен сотко ишкердин адвокаттары кайрылган.

Отурумдун жүрүшүндө адвокат Нурсултан Жаныбеков прокурорго ишенбөөчүлүк көрсөттү. Анын пикиринде, мамлекеттик айыптоочунун бул иште жеке кызыкчылыгы бар.

Өз кезегинде прокурор адвокаттын өтүнүчү негизсиз экенин жана ал эч кандай далил келтирбегенин билдирди. Жыйынтыгында сот өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартты.

Отурум аяктап, судья залдан чыгып кеткенден кийин Ташов журналисттердин суроолоруна жооп бере баштаган. Бирок күзөт кызматкерлери ЖМК өкүлдөрүнө видеого тартууга тоскоолдук кылышты.

Кийинки сот отуруму 14-январга белгиленди.

видео: Клооп

📌Биздин телеграм-каналга катталыңыз: https://t.me/kloopkyrgyz

Укук коргоочу: Журналисттер акыр заман болсо да өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө укуктууУкук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова 2...
24/12/2024

Укук коргоочу: Журналисттер акыр заман болсо да өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө укуктуу

Укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова 23-декабрда Бишкектеги ТИЗО-1дин алдында «Азаттык» радиосунун эки журналистинин кармалышын айыптады.

Ал Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын журналисттердин кармалышын митингдерге тыюу салынганы менен түшүндүргөнү туура эмес экенин билдирди. Анын айтымында, соттун ал чечимин «эч ким көргөн эмес».

«Ал чечимдин ТИЗО-1ге жана камактагылардын жакындарына эч кандай тиешеси жок болушу керек. [Туугандары] жакындарына тынчсызданып, алар менен жолугуп, аман-эсен экенин көрүү үчүн келишкен. [...] Анда ооруканадагы бейтаптарды көргөнү баргандарды да митинг дегиле», — деп жазды ал.

Абдирасулова журналисттердин ишине тоскоолдук кылууга, ошондой эле аларды кармап, түшүнүк кат алууга эч кимдин укугу жок экенин белгиледи.

«Журналисттер акыр заман болсо да өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө укуктуу. Ката кетиргенден кийин кайраттуу болуп, мыйзам бузулганын мойнуңарга алгыла», — деди укук коргоочу.

Күн мурун милиция «Азаттыктын» кызматкерлерин Бишкектеги №1 тергөө абагынын жанынан алып кетишкен. Ага чейин журналисттер нааразылык билдирип чыккан жарандардын биринен интервью алышкан. Укук коргоо кызматкерлери ЖМК өкүлдөрүнөн тартылган видеону берүүнү талап кылып, андан соң аларды милиция бөлүмүнө алып кеткен. Алар түшүнүк кат жазгандан кийин бошотулган.

Бул боюнча комментарий берген Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы соттун чечими менен Октябрь районунун аймагында митинг жана нааразылык акциясын өткөрүүгө тыюу салынганын билдирген. Милициянын маалыматына ылайык, буга карабастан 23-декабрда адамдар тобу ТИЗО-1дин алдында уруксатсыз акция уюштурган.

Мекемеден «акция» катышуучулары менен журналисттер түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн милиция бөлүмүнө жеткирилип, кийин бошотулганын кошумчалашкан.

Ага чейин ТИЗО-1де камакта отурган жарандар Чыңгыз Кожошевдин Жаза аткаруу кызматынын башчысы болуп дайындалышына каршы ачкачылык жарыялаганы белгилүү болгон.

📌Биздин телеграм-каналга катталыңыз: https://t.me/kloopkyrgyz

АКШ элчилиги Жапаровдун көз карандысыз басылмаларды айыптаган билдирүүсүнө жооп бердиАКШ элчилиги президент Садыр Жапаро...
24/12/2024

АКШ элчилиги Жапаровдун көз карандысыз басылмаларды айыптаган билдирүүсүнө жооп берди

АКШ элчилиги президент Садыр Жапаровдун Кыргызстандагы көз карандысыз ЖМКлардын каржы булагы жөнүндөгү билдирүүсүнө жооп берди.

Дипломатиялык өкүлчүлүктөн көз карандысыз басылмалар жарандардын көйгөйлөрүнө натыйжалуу жооп берүү жана коррупция менен күрөшүүдө ар бир өкмөт үчүн маанилүү экенин белгилешти.

Билдирүүдө АКШ фактчекинг, кыргыз тилдүү журналистиканы колдоо жана мыйзам бузуулар менен коррупцияны ачкан иликтөөчү журналистикага жардам берүү боюнча программаларды каржылай турганы жазылган.

«АКШнын Кыргызстандагы элчилиги кыргыз өкмөтү жана жергиликтүү уюмдар менен өнөктөштүк аркылуу каржылык колдоо көрсөтүп келе жатканына сыймыктанат. (...) Биз жардам берүү программаларыбызды кыргыз өкмөтү менен кызматташтыкта ишке ашыруудабыз», — деп билдиришти элчиликтен.

Садыр Жапаров буга чейин Бишкекте өткөн үчүнчү Элдик курултайда сүйлөп жатып, АКШнын Мамдепартаментине каражатты көз карандысыз журналисттерге эмес, түздөн-түз мамлекетке берүүнү сунуштаган. Анын айтымында, акыркы күндөрү ЖМКлар «жалган маалыматтарды гана таратып, негатив издеп калды».

Мамлекет башчы бийлик ал каражатты натыйжалуу пайдаланып, өлкөдөгү журналистиканын деңгээлин көтөрүүнү жана сөз эркиндигинин камсыздалышын кепилдөөгө даяр экенин кошумчалаган.

📌Биздин телеграм-каналга катталыңыз: https://t.me/kloopkyrgyz

Абактын алдына чогулгандарды тартып жаткан «Азаттыктын» журналисттерин милиция алып кеттиБишкектеги №1 тергөө абагынын а...
23/12/2024

Абактын алдына чогулгандарды тартып жаткан «Азаттыктын» журналисттерин милиция алып кетти

Бишкектеги №1 тергөө абагынын алдына чогулган камактагылардын жакындарын тартып жаткан кабарчы Максат Кутманбеков менен оператор Нурлан Бейшебаевди милиция кызматкерлери Бишкектин Октябрь ички иштер бөлүмүнө алып кетти. Маалыматты «Азаттык» басылмасы ырастады.

Маалыматка ылайык, журналисттер чогулган адамдардын биринен интервью алган. Милиция кызматкерлери тартылган видеону берүүнү талап кылып, андан соң аларды алып кеткен.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы бул тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Чогулгандар Жаза аткаруу кызматынан абактардагы абал боюнча түшүндүрмө талап кылышууда. Он чакты тургун абактагы жакындары сабалганы тууралуу маалымат алышканын, алардын абалына тынчсызданып жатканын айтышты.

📌Биздин телеграм-каналга катталыңыз:
https://t.me/kloopkyrgyz

Жаза аткаруу кызматы абактагылар жапырт ачкачылык кармап жатканы тууралуу маалыматты төгүндөдү  Жаза аткаруу кызматы аба...
23/12/2024

Жаза аткаруу кызматы абактагылар жапырт ачкачылык кармап жатканы тууралуу маалыматты төгүндөдү

Жаза аткаруу кызматы абактагылар жапырт ачкачылык кармап жатканы тууралуу маалымат жалган экенин 23-декабрда «Клоопко» тастыктап, абактар кадимкидей эле иштеп жатканын билдирди.

«ЖМК өкүлдөрүн, жарандарды, ошондой эле айыпталуучулардын жана тергөө абагындагылардын туугандарын расмий булактарга гана таянып, текшерилбеген маалыматтарды таратуудан карманууга чакырабыз», — дешти мекемеден.

Буга чейин бир катар басылмалар Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси алмашканына байланыштуу каршылык иретинде абактагылар ачкачылык жарыялаганын жазышкан.

24.kg басылмасы камактагылардын жакындарына таянып абакта жаткандардын айрымдары сабалганын, каршылык ошондон кийин башталганын жазган.

Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Аскат Эгембердиев 18-декабрда кызматынан кетип, минкабдын төрагасы анын ордуна Чыңгыз Кожошевди жетекчи кылып дайындаган.

📌Биздин телеграм-каналга катталыңыз:
https://t.me/kloopkyrgyz

Экс-депутат Жолдошева президентти саясатчылар менен активисттерди камакка алууну токтотууга чакырдыПарламенттин мурдагы ...
23/12/2024

Экс-депутат Жолдошева президентти саясатчылар менен активисттерди камакка алууну токтотууга чакырды

Парламенттин мурдагы депутаты жана коомдук ишмер Жылдызкан Жолдошева саясатчылардын, журналисттердин жана активисттердин камалышы боюнча президент Садыр Жапаровго кайрылды.

Жолдошева KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов менен «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун иштерин белгиледи. Азыр экөө тең ТИЗОдо камакта отурат.

Экс-депутат мамлекет башчы да кезинде камалып, өз жанын кыюуга аракет кылганын эске салып, азыр болсо үч жолу өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган ишкер Ташов да муну башынан өткөрүп жатканын билдирди

«Садыр иним, сен капа болбо бир чындыкты айтсам. Эгерде биз сени колдоп турбаганда, ар бир сотуңа барып, ММК аркылуу кайра-кайра сен жөнүндө айтып турбаганда, сага да Имамидиндей өтө оор болмок...бул ачуу чындык. Имамидиндин артында азыр жалгыз апасы жүрөт, көзүнүн жашын көл кылып», — деди Жолдошева.

Ал ошондой эле бийлик өкүлдөрүнүн эч кимиси Темирлан Султанбековдун 32 күндөн бери ачкачылык кармап жатканына реакция кылбаганына тынчсыздануусун билдирип, анын өмүрү коркунучта экенин белгиледи.

Жолдошева Жапаровдун эмнеге күнөөсүз саясатчыларды, журналисттерди жана активисттерди камакка алып, бирок мамлекетке зыян келтирген экс-чиновниктерди «кечирип» жатканын түшүнбөй турганын билдирди.

«[Эмне себептен] 30 млрд сомдон ашуун коррупцияга жол берген Акылбек Жапаровду кечээкидей кол чабуу менен узатып, ал эми чындыкты, же өз оюн жазгандарды эркинен ажыратып жатасыңар?», — деп суроо салды Жолдошева.

Анын пикиринде, Акылбек Жапаровду жана башкаларды кечиргенден кийин бийликтин саясий «мотив» менен камалган жарандарды түрмөдө камоого мындан ары моралдык укугу жок.

«Түшүнөм "абсалюттук бийликке" ээ болгон адам баласы, кимиси болбосун өзүн Кудай сезмек турсун, Кудайдан да өзүн жогору коюп алат... жараткандын каарына калбаш керек. Биз болгону жөнөкөй эле пенде экенибизди унутпасак. Эртең эле, эгерде Кудай буйруса... бизге окшогон эле пенде бойдон эл арасында жүрүп каласың. Жараткан ошону сага буйрусун», — деди ал.

Жылдызкан Жолдошева 2010-жылы Садыр Жапаров жана УКМКнын азыркы башчысы Камчыбек Ташиев менен бирге «Ата-Журт» партиясынан парламент депутаты болгон.

Жапаров камалганда Жолдошева аны бошотуу талабы менен митингдерге чыккан. Жыйынтыгы жокко чыгарылган 2020-жылдын октябрындагы парламенттик шайлоодо ал «Мекенчил» партиясынын тизмесинде төртүнчү болгон. Анда партиянын лидери катары Ташиев менен Жапаров көрсөтүлгөн.

📌Биздин телеграм-каналга катталыңыз: https://t.me/kloopkyrgyz

23/12/2024

Чүй облусунун Сокулук айылында жеңил унаа өрттөнүп кетти.
Күбөлөрдүн айтымында, окуя 23-декабрь күнү эртең менен болгон.

Басылмалардын маалыматына ылайык, күбөлөр күйүп жаткан унаадагы адамды куткарып калууга жетишкен.

#сокулук #кырсык #өрт #унаа #жаңылыктар #кыргызстан

Курултайдын катышуучусу Ташиевди «бүгүнкүнүн Манасы» деп атады   20-декабрдагы үчүнчү Элдик курултайдын катышуучусу Байс...
20/12/2024

Курултайдын катышуучусу Ташиевди «бүгүнкүнүн Манасы» деп атады

20-декабрдагы үчүнчү Элдик курултайдын катышуучусу Байсидин Батыркулов УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди «бүгүнкү күндүн Манасы» деп атады.

Ал Ташиев чек ара маселесин «чечип берди» деген пикирин айтып, Оштогу Чоң-Алай элинин чек ара боюнча суранычын аткарганы үчүн бийикке ыраазы болду.

«Анан чек ара маселеси боюнча, бул жакта билбей эле, баягы “диванный” эксперттер жазып жүрөт. Бирок кырдаал согуш абалына жеткен эле. Башын ажалга байлап барып Камчыбек Кыдыршаевич согуш мезгилинде ошол жерде туруп, биздин пайдабызга чечип берди. Азыр эми “Бүгүнкү күндүн Манасы” десе пахта койду дейсиздер. Бирок тарых таразалайт»,
— деди ал.

Бүгүн Бишкекте үчүнчү Элдик Курултай өтүп жатат. Ага өлкө аймагынан келген 700гө чукул делегат катышууда.

Бул бийлик башындагыларды Манас баатырга салыштырган алгачкы учур эмес. Көбүнчө президенттерди эле салыштырышчу. Алсак 2020-жылы депутат кезинде Зарылбек Рысалиев мурдагы президент Сооронбай Жээнбековду «Манас атанын ордуна Манассыз» деп атаган. «Социал-демократтар» партиясынын депутаты Ирина Карамушкина да экс-президент Алмазбек Атамбаевди Манаска салыштырууга аракет кылган.

📌Биздин телеграм-каналга катталыңыз:
https://t.me/kloopkyrgyz

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу 27-декабрда башталат — президентПрезидент Садыр Жапаров Элдик куру...
20/12/2024

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу 27-декабрда башталат — президент

Президент Садыр Жапаров Элдик курултайда Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу 27-декабрда башталарын билдирди.

«Биз бул долбоорду баштаганда ага ишенбеген, аны жомок деп шылдыңдап күлгөндөр болгон. Азыр эми ал жомок эмес, чыныгы долбоор экенине баары күбө болууда», — деди президент.

Жапаровдун айтымында, бул жол Чыгыш менен Батыштын ортосундагы стратегиялык көпүрө болуп, соода, туризм жана өнөр жай үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Президент айрымдар кыял деп эсептеп келген дагы бир долбоор Камбарата-1 ГЭСи экенин билдирди.

«Бул кыял чындыкка айланууда. Биздин өлкө энергетикалык көз карандысыздыкка жана энергетика менен өзүн-өзү камсыздоого өтүп жатат»,— деп белгиледи Жапаров.

Кыргызстан Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу тууралуу макулдашууну 27-июнда ратификациялаган. Документти парламент 19-июнда кабыл алган.

Ага чейин Кытай темир жолдун курулушу үчүн Кыргызстанга 2 млрд 350 млн доллар өлчөмүндө насыя берери белгилүү болгон. Үч өлкө Кыргызстандын аймагында темир жол долбоорун ишке ашыруу үчүн Биргелешкен долбоордук компания (БДК) түзүшөт. Бул компаниядагы үлүштүн 51% «Кытай темир жолдору» алат, ал эми «Кыргыз темир жолу» менен «Өзбекстан темир жолдоруна» 24,5%дан үлүш тиет.

Президенттин айтымында, салынган каражат акталгандан кийин эки тарап долбоордон чыгып, БДКнын 100% үлүшү Кыргызстанда калат.

📌Биздин телеграм-каналга катталыңыз: https://t.me/kloopkyrgyz

«Ушак-айың менен алмаштырбоо керек». Жапаров өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин дагы бир жолу кайталады Үчүнчү Элдик курулт...
20/12/2024

«Ушак-айың менен алмаштырбоо керек». Жапаров өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин дагы бир жолу кайталады

Үчүнчү Элдик курултайдын делегаты Асылбек Абдыкадыров бир катар көзкарандысыз ЖМКга сөз берүүнү сунуштап, аларга өз пикирин билдирүүгө мүмкүнчүлүк берүү керектигин билдирди.

Анын айтымында, айрым басылмалар болуп жаткан «жакшы иштерди терс мааниде чагылдырып, коомдук пикирди бурмалоого аракет кылышат».

«Аларга да өз ойлорун айтканга ушул жерде трибунадан убакыт берип, ойлорун билип койбойлубу. Мисалы “Азаттык”, “Кактус”, “Политклиника” деген басылмалар. Ошол эле болуп жаткан иштерди туура маалымат менен элге түшүндүрүү жагы каралмак», — деди ал.

Курултайдын улуттук кеңешинин төрагасы Мыктыбек Абдылдаев делегаттарды жөндүү сын-пикирлерин ачык айтууга чакырды.

Садыр Жапаров мындай сунуш киргизген делегатка эскертүү берген жок. Ал трибунада кимге сөз беришти делегаттар өздөрү чечиши керек деп эсептейт.

«Кандай гана маселе болбосун, трибунага чыгып ачык айткыла. Чапаныңарды эч ким чечип албайт. Бир тал чачыңар түшпөйт. Сөз эркиндиги бизде бар, болуп келген. Сөз эркиндиги менен ушак-айыңды, бирөөгө жалган жалаа жаап мазактоону, калп айтууну токтотсо эле, алмаштырып албаса эле болду. Так айткыла, факты менен айта бергиле», — деди президент.

Жапаров курултай делегаттар элдин оюн ачык айтсын деген максатта уюштурулганын белгиледи.

Буга чейин президент ЖМКнын айрым өкүлдөрүн «этият болууга», жалган маалымат таратуудан алыс болууга чакырган.

Жапаров үч жылдан бери жыйынтыктоочу маалымат жыйынын өткөрбөй келет. Былтыр ал журналисттер суроолоруна Элдик курултайда толук кандуу жооп ала алат деп билдирген.

Кыргызстан «Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюмунун басма сөз эркиндиги боюнча рейтингинде 120-орунду ээледи. Freedom House укук коргоо уюму болсо Кыргызстанды төртүнчү жыл катары менен «эркин эмес» мамлекет деп тааныды. Amnesty International уюму кыргыз өкмөтү «коомдук сын-пикирди басууга багытталган кампанияны күчөткөнүн» билдирген.

📌Биздин телеграм-каналга катталыңыз:
https://t.me/kloopkyrgyz

Нурланбек Шакиев жаңы Агартуу министрлиги түзүлөрүн айтты   Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев кийинки жылы Били...
20/12/2024

Нурланбек Шакиев жаңы Агартуу министрлиги түзүлөрүн айтты

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев кийинки жылы Билим берүү министрлиги экиге бөлүнүп, жаңы Агартуу министрлиги түзүлөт деп билдирди.

Анын айтымында, мектепке чейинки жана мектептеги билим берүүнү Агартуу министрлиги, ал эми жогорку окуу жайдагы билим берүүнү Билим жана илим министрлиги тескеши керек.

«Билим берүү министрлигине эки баштуу министр койсок да ишти алып кете албай жатат. Ошол багытта демилге көтөрүп, парламентте да айттым, министрликти бөлүш керек. Сапаттуу билим берүү болбосо, сапаттуу келечек болбойт. Мына ушул демилгени прездентибиз кубаттап, жаңы жылда жаңы министрлик түзүлгөнү турат», — деди Шакиев.

📌Биздин телеграм-каналга катталыңыз:
https://t.me/kloopkyrgyz

Address

Maxim Gorkiy Street 48/1
Bishkek

Opening Hours

Monday 09:00 - 18:00
Tuesday 09:00 - 18:00
Wednesday 09:00 - 18:00
Thursday 09:00 - 18:00
Friday 09:00 - 18:00

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Kloop Кыргызча posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Business

Send a message to Kloop Кыргызча:

Videos

Share