Жаныбек Абидетегин

  • Home
  • Жаныбек Абидетегин

Жаныбек Абидетегин Кызыктуу китептер, кыйын кишилер, кыргыз тили жана баш?
(1)

Бүгүн 17-ноябрь студенттер күнү!Студент баалабаган жана баалай албай келаткан эки нерсе бар.Биринчиси, убакыты. Экинчиси...
17/11/2023

Бүгүн 17-ноябрь студенттер күнү!

Студент баалабаган жана баалай албай келаткан эки нерсе бар.

Биринчиси, убакыты. Экинчиси, жаштыгы.

Студент кезде чынында убакыт көп жана көптөй да сезилет. Ал эми жаштыгы өтпөчүдөй баарын кийинкиге жылдырат. “Азыр жашмын, чоңойгондо жасайм” деп жүрө берет.

Достор, убакыт жакшы иштер менен, ал эми жаштык билим алуу менен өтсө экөөнүн тең берекеси артат.

Урматтуу студентим, күндөрүң да, майрамың да берекелүү өтсүн!

Айтматов таанучу, академик Абдылдажан Акматалиев агай экөөбүз кечээ “Ата-Бейитке” барып, ата-бабаларыбызга жана Ч.Айтмат...
16/11/2023

Айтматов таанучу, академик Абдылдажан Акматалиев агай экөөбүз кечээ “Ата-Бейитке” барып, ата-бабаларыбызга жана Ч.Айтматовго багыштап куран окуп, эскерип келдик.

Чынгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту
Айтматов
Дом - музей Чингиза Айтматова
Ата Бейит

Кечээ “Ала-Тоо” университетиндеги Time студенттер клубу уюштурган семинарга катышып, студенттер менен кызуу баарлашып ке...
10/11/2023

Кечээ “Ала-Тоо” университетиндеги Time студенттер клубу уюштурган семинарга катышып, студенттер менен кызуу баарлашып келдим.

Бүгүн дүйнөлүк жаштар күнү!
Өлкөбүздүн жаштарын бул күн менен чын жүрөктөн куттуктайм.

“Силер жашсыңар, азырынча эрте” деген сөзгө алданбай жаш кезиңерде чоң-чоң иштерди жасап, билимди тереңдетип алгыла!

23 жашында Марк Цукерберг ушул биз колдонгон Facebookту ойлоп тапкан.
26 жашында Жусуп Абдракманов Кыргыз АССРын башкарган.

Андыктан абийириңди да жашыңдан сакта, чоң жумушту да жашыңдан башта!

Tilek Turarbek ютуб каналына мурун маекке чакырса, азыр китеп талкууга чакырды.Kanai Toktomambetov деген активист мырза ...
06/11/2023

Tilek Turarbek ютуб каналына мурун маекке чакырса, азыр китеп талкууга чакырды.

Kanai Toktomambetov деген активист мырза “Сингапур билим берүү системасы” деген китеп боюнча жекеме жеке талкууга чакырганынан барып катышып келдим.

Мен үчүн абдан кызыктуу болду.
Анткени биз которгон китептерди окуп, иликтеп-жиликтеп, таш-талканын чыгарам деп талкууга чакырган окурмандар да бар экен. Бул бизди аябай кубандырды!

Канай мырза буга чейин бул каналда да Aibek Tenizbaev экөө биздин “Эмне үчүн кээ бир өлкөлөр өнүкпөйт?” деген китеп боюнча талкуу уюштуруп, кызыл чеке болуп, идея-ойлордун кыл чайнашын өткөрүшүптүр.

Ушундай окурман, активист жарандар
көбөйө берсин!

Достор, талкууну көрүңүздөр, Тилектин каналына катталыңыздар, бөлүшкүлө!
Жок дегенде комментке желектен 🇰🇬 калтырып койгула. Башкалар да көрсүн. Ыракмат! ✊🏼🇰🇬

Turarbekov_maek ютуб каналыбызда "Китеп Батл" долбооруздун кезектеги чыгарылышы. Бизге келген коноктор бир китеп тууралуу карама-каршы ой-пикирлерин билдириш...

01/09/2023

Билим адамды эркин жана акылман кылат.
Билим күнү кут болсун! 🇰🇬

Кыргыз Республикабыздын эгемендүүлүк күнү менен ар бириңерди куттуктайм.Караңызчы, бүгүн да баарыбыз бири-бирибизди ооз ...
31/08/2023

Кыргыз Республикабыздын эгемендүүлүк күнү менен ар бириңерди куттуктайм.

Караңызчы, бүгүн да баарыбыз бири-бирибизди ооз учунан куттуктап тим болдук.
Ар кимибиз адаттагыдай күндүн бирин өткөрдүк.

Качан бизде бул күндүн шаңы, маанайы, өзгөчөлүгү болот. Качан майрамдайбыз, белгилейбиз, даңктайбыз?

Айтайын дегеним, КАЧАН БИЗ

Түрктөрдөй же башкадай терезеге, көчөгө желекти илебиз?

Мамлекеттүүлүк, өлкө, тарых жөнүндө ушул күнү кино көрөбүз? Конференция өткөрөбүз?

Тарых музейине барууну, “Ата-Бейитке”барууну салтка айландырабыз?

Дегеле, бул күндү айырмалаган, даңктаган атрибут же бир олуттуу иш-чара жок.

Эчтеке болбойт, өтпөйт…

Бүт эле куттуктоо, ыр-күлкү, шаан-шөкөт…

P.S. Былтыркы сурамжылоомдон алынды.

#эгемендүүлүк
#эркиндик
#кыргызреспубликасы

Кайсы гана кесиптин ээси болбоңуз, китеп окубасаңыз лидер боло албайсыз.Достор, жылдагыдай эле   сынагын жарыялайм. Шарт...
13/01/2023

Кайсы гана кесиптин ээси болбоңуз,
китеп окубасаңыз лидер боло албайсыз.

Достор, жылдагыдай эле
сынагын жарыялайм.

Шарттары:
1. инстаграмм баракчама катталасыз,
бул посттун астына 2 досуңузду белгилейсиз.
2. Стористен же посттон мени белгилеп, хештеги менен бөлүшөсүз.
3. 2022-жылы окуган китептериңизди тизмектейсиз.

Укмуш китептер байгеге коюлат:
1. "Өмүр өтөт билинбей" Бексултан Жакиев
2. "Ой учкундары" Мохаммед Рашид ал-Мактум
3. "451 по фаренгейту" Рэй Брэдбери

☑️ Аябай кыйындарыңарга өзүнчө байге
каралышы мүмкүн

Мөөнөтү: 10.02.2023 саат 00:00

2022-жылы мен окуган китептер:

1. "Как читать книги" Мортимер Адлер
2. "Сингапур билим берүү системасы: Парадокстордун күчү" Эң Пак Ти
3. "Рысбек" авторун унутуп калдым
4. "451* фаренгейт" Рэй Брэдбери
5. "Тору-Айгыр айылынын тарыхы" Асан Ормушев
6. "Билим - бакыт канаты" Дүйшөн Шаматов
7. "Кусейин наама" Кусейин Карасай уулу
8. "Бүгүнкү Кытай" Алтынай Жунусова, Жаныбек Капаров
9. "Государь" Николло Макиавелли






Bugupress

Достор, "Азаттыктын" "Миңсанатында" подкаст.Bugupress чыгарган эски китептерибиз жана жакында чыга турган китептер жөнүн...
27/12/2022

Достор, "Азаттыктын" "Миңсанатында" подкаст.

Bugupress чыгарган эски китептерибиз жана жакында чыга турган китептер жөнүндө айтып бердим.

Эң чоң жаңылыгыбыз президент Садыр Жапаров окуган китепти чыгарабыз, кудай буюрса.

Ал кайсы китеп, билесизби?

Azattyk Media
Kyrgyz Azattyk Unalgysy

Соңку жылдары Кыргызстанда дүйнөгө белгилүү илимий жана мотивациялык китептер которула баштады. Мындай ишти колго алгандардын бири “Бугу пресс” басма үйүнүн ...

01/10/2022

Address


Telephone

0550571632

Website

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Жаныбек Абидетегин posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Business

Send a message to Жаныбек Абидетегин:

Shortcuts

  • Address
  • Telephone
  • Alerts
  • Contact The Business
  • Videos
  • Claim ownership or report listing
  • Want your business to be the top-listed Media Company?

Share