Кант менен Кара-Балтада заводдор курулат
Түркиялык инвесторлор Кант жана Кара-Балта шаарларында жаңы заводдорду курат. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, түркиялык ишкерлер Кара-Балта шаарына таштандыны кайра иштетүүчү заводун, ал эми Кант шаарына асфальт жана пластик тетиктерин өндүрүүчү завод курууну пландаштырып жатат.
Министрлер кабинети инвесторлор ар бир долбоорго 5-25 миллион долларга чейин сарптай тургандыгын билдирген. Ошондой эле чет элдик ишкерлердин Чүй облусунун Аламүдүн районуна текстиль фабрикасын жана сүттү кайра иштетүүчү завод курууга кызыкдар экендиги кошумчаланды.
YouTube - https://goo-gl.me/eobmX
TikTok - https://goo-gl.me/ce2m1
Instagram - https://goo-gl.me/BdMhF
Владимир Путин Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады
Россиянын президенти Владимир Путин мамлекет башчы Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
"Россия өлкөлөрүбүздүн ортосундагы союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү, евразиялык мейкиндикте интеграциялык процесстерди алдыга жылдыруу, ошондой эле КМШ, ЖККУ жана ШКУ алкагындагы өз ара аракеттенүү боюнча аракеттериңизди жогору баалайт", — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Россиялык лидер Россия менен Кыргызстан элдеринин жыргалчылыгы үчүн эки тараптуу жана актуалдуу маселелер боюнча диалогдун жана биргелешкен иштин улана беришине ишенерин айткан. Ал ошондой эле президент Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди каалады.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын президенти 54 жашка толду.
YouTube - https://goo-gl.me/eobmX
TikTok - https://goo-gl.me/ce2m1
Instagram - https://goo-gl.me/BdMhF
Бекешев Жээнбековду артыкчылыктан ажыратууну сунуштап, Жумабеков каршы чыкты
Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитети экс-президенттерди артыкчылыктардан ажыратуу мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.
Демилгенин автору депутат Жеңишбек Токторбаев эгер бул мыйзам кабыл алынса, артка иштебей турганын, демек, экс-президенттер Сооронбай Жээнбеков менен Роза Отунбаевага тиешелүү эместигин айтты.
Ал эми эл өкүлү Дастан Бекешев мурдагыларга дагы тиешелүү боло тургандай кылуу зарылчылыгын айтты.
"Менимче, бул өтө туура эмес, Жээнбеков өзү 2019-жылы Атамбаевге каршы мыйзам чыгарып, VI чакырылыштын депутаттары колдошкон. Президенттин аппаратынан депутаттарга басым болгон, ар кандай сөздөр менен кысымга алышкан. Жашоо бумеранг деп коёт го. Эми аны өзү дагы көрсүн. Башка президенттерге да сабак болот. Эгер андай кылбасак Садыр Жапаровго тиешелүү болуп калабы? Бул мыйзамды милдеттүү түрдө артка иштей тургандай кылыш керек деп ойлойм. Жээнбеков октябрда кетип жатканда "экс-президент" статусун сактап калуу шартын койгон о
Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары 10-декабрда болот
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары 10-декабрда болот. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан билдирди.
"Сапардын алкагында президент Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү пландалууда. Эки өлкөнүн лидерлери тар жана кеңейтилген курамда кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн кеңири чөйрөсүндөгү маселелерди, ошондой эле достук, бир туугандык жана ынак коңшулук маанайдагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүү пландарын талкуулашат", — деп айтылат маалыматта.
YouTube - https://goo-gl.me/eobmX
TikTok - https://goo-gl.me/ce2m1
Instagram - https://goo-gl.me/BdMhF
Балбак Тулөбаев Айыл чарба министирлигине кайрылып дыйкандарга мөөнөту өтуп кеткен селитра сатпооcун билдирди
«Ынтымак» фракциясынан эл өкулу болуп шайланган Балбак Түлөбаев, Жогорку Кенештин 5-декабрда өткөн Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Айыл Чарба министирлигинин өкүлдөрүнө кайрылуу кылып, министирлик дыйкандарга мөөнөтү өтүп кеткен селитраларды сатпоону талап кылды.
YouTube - https://goo-gl.me/eobmX
TikTok - https://goo-gl.me/ce2m1
Instagram - https://goo-gl.me/BdMhF
Жакында патент алабыз». Кыргызстанда колго трактор жасап чыгышты
Кыргызстанда колго көп функциялуу трактор жасап чыгышты. Бул тууралуу Дастан Абдрахманов жазып чыкты.
«Бул биздин биринчи долбоор. Кудай буюрса, массалык түрдө чыгарууга даяр. Жакында патент алганы арыз беребиз. Алдыда дагы 6 түрдүү атайын техника иштелип жатат», — деп айтылат маалыматта. Ошондой эле алар президентке кредит боюнча кайрылышты.
«Президентибиз бул постту окуп калса, бизге 1 миллион доллар жеңилдетилген кредит эле алып берсе, башыбыз көккө жетет эле. Кредитти кайра мамлекетке төлөп, ыраазычылык иретинде, заводдун атынан кайра мамлекетке, курулуш, айыл чарба тармагында өкмөткө бир канча техникаларды белекке берет элек. Балким чоң бизнесмендер иштешели десе даярбыз», — дешти.
YouTube - https://goo-gl.me/eobmX
TikTok - https://goo-gl.me/ce2m1
Instagram - https://goo-gl.me/BdMhF
#ЧалканМедиа #Жанылыктар #Кыргызстан
Азиз Мурадиллаевдин апасына элден чогулган 1 жарым миллион сом берилди
Актёр Азиз Мурадиллаевдин апасы, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Анара Сыдыгалиевага элден чогулган 1 жарым миллион сом берилди. 5-декабрда Азиз Мурадиллаевдин ден соолугуна байланыштуу өткөн маалымат жыйында Ассоль Молдокматова 1 жарым миллион сомду актёрдун апасына берип, каражат топтоо токтотулганын айтты.
Айтымында, бүгүнкү күнгө карата 1 миллион 565 миң сом топтолду. Анын ичинен 65 миң сом 10 жылдан бери лейкоз илдетинен жабыркап жаткан Жамиля аттуу кыздын апасына берилди. Мындай чечим тараптардын макулдуктары менен кабыл алынган.
Ал эми Анара Сыдыгалиева кыйын күндө кол сунгандарга ыраазычылыгын билдирди.
"Элге өмүрүбүздү арнадык. Искусствого кадам таштаганыма быйыл 50 жыл болду. Бул тармакта жүрүп Азизди таптым. Ал курсактан түшөрү менен сахнада болду. Президентке таазим кылам. Ар бир жарандын көйгөйүнө көңүл бөлүп жатасың, рахмат сага! Калайык-калкым, башымды ийип таазим кылам. Дүйнө жүзүндө биздей калк жок экенине ишендим. Баарыңарга тизе бүгүп таазим кылам! Эч кимдин баласы оорубасын", - деп кө
Тажикстандын кол салуусунда каза болгон аскердин сүйлөшкөн кызы Нарынга анын инисине жубай болду
Тажикстандын кол салуусунда каза болгон аскердин сүйлөшкөн кызы Нарынга анын инисине жубай болду
Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев дем алыш күнү адаттагыдай Көк-Таш, Ак-Сай жана Капчыгай айылдарына барып коогалаңдан кийинки үйлөрдүн курулуш иштерин көрүп келгенин жазып, бир окуя эсине түшкөнүн айтып берди.
«Бүгүнкү иш сапарымда бир окуя эсиме келди, бул боюнча өзүнчө кино тартса да, китеп жазса да болот. Алыстан келип Баткен жергесинде баатырларча кызмат өтөгөн чек арачы Жеңишбек Иманбек уулу тууралуу айта кетейин. Жеңишбек Иманбек уулу өзү Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Миң-Куш шаарчасынан болот. Элде айтылгандай «Зарыл ишиң болбосо, Зардалыда эмне бар» дегендей, бул нарындык эр жигитке чек араны коргоо зарыл болгондуктан, дал ушул алыскы Зардалы жергесине келип тоолуу, шарты катаал жерде кызмат өтөп баштайт. Кызмат учурунда Жеңишбек так ошол айылдан Элиза аттуу кыз менен таанышып калып, Женишбектин ата-энеси келип кызга сөйкө салып, ушул жылдын 15-октябрга үйлөнүү тоюн белгилешип кетишкен.
Бирок кызматтын зарылчылыгына байланыштуу Жеңишбекти Зар
Нарышкин Садыр Жапаров жана Ташиев менен жолугушуулары тууралу билдирди
Россиянын Тышкы чалгын кызматынын директору Сергей Нарышкин президент Садыр Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен болгон жолугушуунун жыйынтыгы боюнча маалымат берди.
YouTube - https://goo-gl.me/eobmX
TikTok - https://goo-gl.me/ce2m1
Instagram - https://goo-gl.me/BdMhF
#ЧалканМедиа #Жанылыктар #Кыргызстан