05/01/2023
Дипломумду катып койгонмун…😅
Мектепти бүтүп, орт результаттарын алып каяка тапшырабыз деп университет издеп калдык. Элдер 9-класстан даярданат а биз 😅 мектепти бүтүп издеп жүрөбүз, азыр ойлосом келечекке ушунчалык жоопкерчиликсиз болгон экенбиз.
Кандай профессиялар, университеттер бар, кандай билим берет изилдеш кайда… билгенибиз НАЦ, МУК, Политех, Арабаев, БГУ эле, нацка француз тилге, бгу га кытай тилине тапшырдым.
Орт балым жакшы болсо да, “Шапка” бербегендиктен бюджетке өтпөй, контракка калдым. Тилдердин 30 000 сом (азыркы эквивалент менен примерно 70-80 миң) контрагын 😟😲 төлөй албаймын деген ой менен контракка тапшыра албай МУКка жаңы технологияларга тапшырдым.
Тилге аябай кызыгат элем, мектепте окуп жүргөндө англис тилин жакшы билбейт элем, айылда окуп шаарга келгенмин, айылда англис тили кайда😅. Шаарга келип англис тилинен күндө төрт сөздөн жаттайт болчу экенмин… өзүм унутупмун, баякүнү курбум айтса эстедим😅.
Жаңы технологиялар болгону менен эски жолдор менен окуткан университетиме көңүлүм толбоду. Кошумча курстарды издей баштадым, бир жерден случайно корей тилин көрүп калып, корей тамгаларына кызыктым: өзгөчө тил, мурда бир да окуп көрбөгөн сөздөр, таякчага окшогон тамгаларды окуп, түшүнүү мен үчүн чоң жетишкендик эле…
Корей тилин көбүнчө өзүм окудум, мугалимим жок болгондуктан көп убакытты талап кылды.
Эс алуу күндөрү корейлердин үйүнө барып уборкасына, тамагына жардам берип корейче сүйлөшүп тилди үйрөнөт элем.
Корей тилин үйрөнүүмө убакыт гана кетти, акча кетире албадым… акчамды университеттеги окуума кетирдим, дипломума кетирдим.
Кызыгы, толтура акча, ресурс кетирген дипломумдун жардамы менен эмес 1 сом кетирбеген билимимдин жардамы менен көп нерселерге жетише алдым #аллагашүгүр
Ким дагы дипломун катып койгон мага окшоп 😅😢