20/08/2022
📍𝟲-сабак. Шарият талабындай жин чыгарган адам менен көзү ачык, бүбү-бакшылардын айырмасын билесизби?
✍🏻Көпчүлүк адамдар болор-болбос оорусуна шыпаа издеп ар кимге бара берет да оорусун күчөтүп алат. Мисалы, билимсиз дарыгерлер, эптеп акча табуу үчүн элди алдаган табыптар, ж.б.у.с. жөпжөнөкөй ооруга туура эмес диагноз коюп, туура эмес дары берип, башка органдарын да талкалап, акыры рак сыяктуу ооруларга дуушар кылып өлтүрүп тынган учурлар жүздөп, миңдеп саналат. Өлүмдүн алтымыш пайызына дарыгердин катасы себеп болорун медиктер өздөрү айтып жүрүшөт. Ушул сыяктуу эле жин ооруларынын көбөйүүсүнө да адамдардын жин окуган “молдолорду” туура эмес тандаганы себеп болот. Баланча жин чыгарат экен, түкөнчө жакшы дем салат экен деген имиш-имишке ишенип ар кимге шыпаа издеп бара берүү бизде адат болуп калган. Чынында карапайым калк чыныгы шарият талабы менен жин чыгарган 'молдо менен жинди жиндердин жардамы менен чыгараган көзү ачыкты, же жөн эле “күфф-сүфф” деп, элди алдап акча алган жалганчыны айырмалай албайт. Кимге эл көбүрөөк барса ошого бара берет. Ушуну эске алып бул сабакта булардын ортосундагы кээ бир айырмачылыктарга токтолууну эп көрдүм.
☝🏻Шарият талабындай дем салып жин чыгарган адам:
📍1. Келген адамдын атын, атасынын атын сурабайт;
📍2. Дем салганда жалаң Куран аяттарын жана пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үйрөткөн дубаларды гана окуйт;
📍3. Аял киши менен бир бөлмөдө жалгыз калбайт. Аялдын күйөөсүн же туугандарын жанына отургузат;
📍4. Аял кишинин денесине колун тийгизбейт. Эгер башын кармап дем салыш керек болсо, жоолугунун үстүнөн, же материалды жаап анан колун башына тийгизип окуйт;
📍5. Дем салдырган адамга эчкачан так диагноз койбойт. Мисалы, сени баланча деген бирөө сыйкырлаган, сага түкүнчө деген бирөө ысытмаже суутма кылган, сага көз тийген ж.б.у.с. айтпайт. Айтса да, ушундай болушу мүмкүн деп болжолдуу айтат;
📍6. Жин кирген адамдын ичиндеги жин менен сүйлөшкөндө сөзсүз аны динге чакырат, динге киргизүүгө аракет кылат;
📍7. Эгер жин мусулман болсо, аны аят, хадистерди айтып, жакшы сөздөр менен чыгарат;
📍8. Жин чыгарылган адамды мынча убактан кийин кайра келиңиз дебейт;
📍9. Окуп дем салган учурда адамды камчы, бычак ж.б. менен урбайт. Кээ бирлери ручка, сызгыч сыяктуу нерселер менен акырын чаап, же сайгылап окушу мүмкүн;
📍10. Эч качан тумар чийип бербейт, же дагы ушул сыяктуу, эзип ичесиң, күйгүзүп жыттайсың, дарактын түбүнө көмөсүң деп бир нерселерди жазып бербейт;
📍11. Өзүңө дем сал, эртең менен жана кечинде окулчу зикир-дубаларды такай айтып жүр деп насаат айтат;
📍12. Окуп дем салганы үчүн белгилүү бир өлчөмдө акча же кой, эчки сурабайт. Канча берсе ошого ыраазы болуп ала берет. Кээ бирлери гана белгилүү өлчөмдө (ставка) акча сурашы мүмкүн.
☝🏻Шариятка каршы жин чыгаргандар, же көзү ачыктар:
📍1. Дароо эле атыңды, атаңдын, апаңдын атын жана жашыңды сурайт;
📍2. Так диагноз койот; сага көз тийген, кирине кирген, баланча сыйкырлаган, түкөнчө суутма кылган, бирөө баш айландырма кылган, дагы бирөө бактыңды байлаткан ж.б.у.с. сөздөрдү айтат;
📍3. Бир кара кой, эки ак эчки, үч сары тоок, же дагы бир ушул сыяктуу өң-түскө, санга байланыштуу нерселерди алып кел деп айтышат;
📍4. Куран аяттарын, айрыкча жинге окулчу аяттарды окубайт. Түшүнүксүз, кыскартылган сөздөрдү айтат. Жинди жиндин жардамы менен чыгарат;
📍5. Окуй турган күндү белгилүү бир убакка байлайт. Мисалы, бейшемби күнү кечинде, жума күнү түндө кел деп, ж.б.
📍6. Аял киши менен жалгыз кала берет жана аялдын денесин кармай берет;
📍7. Камчы менен чапкылап, бычак менен сайгылап, кыйкырып, жерди чапкылап окуйт;
📍8. Кечинде шам жандырып жат, башыңа суу, туз, кум шекер коюп жат деген сыяктуу сөздөрдү айтат, жаздыгыңдын астына коюп жат деп бир нерсени жазып берет;
📍9. Кимдир бирөөнүн сүрөтүн алып кел, баскан изинен топурагын алып кел, эски кийиминен кесип кел деген сыяктуу сөздөрдү айтат;
📍10. Арап тилинде, бирок окулбай турган түшүнүксүз тамгалар жана кандайдыр бир белгилер жазылган кагаздарды берип, сууга эзип ич, күйгүзүп жытта, башыңа коюп жат, дарактын түбүнө көм ж.б.у.с. тапшырмаларды берет;
📍11. Көбүнчө колунда эски Куран китеп, теспе, беш-алты таш, сизден сураган нерселерин жаза турган блокноту болот;
📍12. Башка тууган, жакындарыңызды да алып келүүңүздү айтат. Мисалы, сенин атаңда бар, энеңде бар, аларды да окуш керек деген сыяктуу;
📍13. Айыгышыңызга толук кепилдик (гарантия) берет;
📍14. Акы сураганда белгилүү бир өлчөмдө сурайт. Көбүнчө тоголок сан эмес, 1111 же 777 сом деген сыяктуу сандарды сурашат.
☝🏻Эскертүү: Дем салдырганы же окутканы барганда экинчи бөлүмдө айтылган белгилердин кайсы бирин байкасаңыздар, ал жерге экинчи кайра барбаңыздар! Балким, ал жеден шыпаа табышыңыздар мүмкүн, бирок бул убактылуу. Бир аз убактан кийин ооруу мурдагыдан да катуу болуп кайра башталат. Же башка бир оору пайда болот.
🌳«МУРАС БЕЙИШКЕ БАГЫТ » катталуу үчүн сизге ыңгайлуу канал, баракчаларыбыз: 👇🏻👇🏻👇🏻
━━━━━━━━━━━━━━
🔹WhatsApp:
👳🏻♂️Мырзалар учун ⤵️
https://chat.whatsapp.com/LoSWSzLZzZF6cEDbsb6aTZ
https://chat.whatsapp.com/Kn70UqktxkFKgNIBeHaeuq
🧕🏻Айымдар учун ⤵️
https://chat.whatsapp.com/EGLJYQJUT8rHnltMetrOam
https://chat.whatsapp.com/Hw4ehgoaMUr4AO0XjsfZPO
🔹 instagram.com/muras_media_kg
🔹 youtube.com/c/MurasMedia
🔹 Telegram
https://t.me/muslim1429
🔹http://murasmedia.kg